# 47-берене. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962); 12.12.2016 [Закон КР от 12 декабря 2016 года № 196 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности", "О местном самоуправлении")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111475); 18.02.2014 [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 35 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205257); 15.11.2013 [Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205068); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096874..1096877>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 47-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-47

---

Айыл өкмөтү:

1) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат;

1-1) аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө жергиликтүү жамаатка жыл сайын ачык маалымат берет, ошондой эле аны расмий сайтка жарыялайт жана (же) жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге (доскаларга, стенддерге) жайгаштырат;

2) жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат, ал айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны аткарат;

3) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

4) жаңы жумуш орундарын ачуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;

5) ишканаларды менчиктештирүүгө жана айыл өкмөтүнүн балансына социалдык маданий-тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды өткөрүп берүүгө катышат;

6) турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат;

7) муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;

8) аймакка курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;

9) жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;

9-1) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт; 9-2) калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү тутумун иштеп чыгат жана ишке ашырат; 9-3) өз компетенциясынын чегинде токтомдорду жана тескемелерди чыгарат;

10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2014-жылдын 18-февралындагы № 35, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196 , 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-48)
