# 46-берене. Айыл өкмөтү

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096874..1096877>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 46-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-46

---

1. Айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашыруу үчүн айыл өкмөтү иштейт.

2. Айыл өкмөтү айыл кеңешинин депутаттарына өзүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда шайлоочулар алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.

3. Айыл өкмөтү өзүнүн ишинде - айыл кеңешине, а берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчет берип турат.

4. Айыл өкмөтүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча анын чечимдери токтом жана тескеме түрүндө кабыл алынат, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар айыл өкмөтүнүн башчысы кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Айыл өкмөтүнүн токтому - айыл өкмөтүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан кабыл алынган жана айыл аймагында милдеттүү юридикалык күчкө ээ болгон акт.

6. Айыл өкмөтүнүн тескемеси - айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан ыйгарым укуктарынын чектеринде ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча кабыл алынган уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү акт.

7. Айыл өкмөтүнүн башчысы кол койгон актылар айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан жокко чыгарылышы, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жараксыз деп табылышы мүмкүн.

8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча анын ишин уюштуруу эрежелери, айыл өкмөтүнүн аппаратында документтер менен иштөөнү уюштуруу жана анын ишин документтер менен камсыз кылуу боюнча негизги талаптар айыл өкмөтүнүн регламентинде белгиленет.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-47)
