# 44-берене. Шаардын мэринин ыйгарым укуктары

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962); 08.07.2019 [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930); 12.12.2016 [Закон КР от 12 декабря 2016 года № 196 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности", "О местном самоуправлении")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111475); 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379); 16.10.2013 [Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205061); 30.11.2011 [Закон КР от 30 ноября 2011 года № 228 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении""](https://aqlex.ai/kg/doc/203472)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096874..1096877>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 44-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-44

---

1. Шаардын мэри:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана Өкмөттүн актыларынын, ошондой эле шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган шаардын жергиликтүү жамаатынын уставынын, шаардык кеңештин чечимдеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;

2) шаардын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу боюнча мэриянын, муниципалдык уюмдардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кылат, ушул иштин натыйжаларына жооп берет;

2-1) мамлекеттик бийлик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт, соттордон, прокурорлордон, мамлекеттик улуттук коопсуздук органынын жана расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органдын жетекчилеринен тышкары, алар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин кызматтан четтетүү боюнча маселе коюуга укуктуу;

3) шаардык кеңеш менен макулдашуу боюнча шаардын вице-мэрлерин, түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мэриянын аппаратынын кызматкерлерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

4) жергиликтүү маанидеги маселелерди, ошондой эле жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынгандарын кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкарууну ишке ашырат;

5) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай эмес уюштурулгандыгы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

6) мамлекеттик бийлик органдарында, мамлекеттик эмес, коомдук жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү башка уюмдарында шаардын атынан чыгат;

7) кызмат ордуна кирген учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн программасынын долбоорун иштеп чыгууну камсыз кылат, шаардык кеңешке бекитүү үчүн сунуштайт;

8) шаардык кеңештин бекитүүсүнө шаардык бюджетинин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бир жолу шаардагы иштердин жалпы абалы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы, шаарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, консультациялык-укуктук жардамдын көрсөтүлүшү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын аткарылышы жөнүндө шаардык кеңеш алдында отчет берет;

9) мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизет;

10) шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизет, анын ишине катышат;

11) белгиленген тартипте Президент алдында мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу жөнүндө өтүнүч жасайт;

11-1) мэриянын токтомдоруна жана тескемелерине кол коёт;

12) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин уюштуруунун өзгөчөлүктөрү алардын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталат.

(КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196 , 2019-жылдын 8-июлундагы N 83 , 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-45)
