# 40-1-берене. Шаардын мэриясынын чечимдери

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-40-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 40-1-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-40-1

---

1. Мэриянын компетенциясына таандык маселелер боюнча шаардын мэриясынын чечимдери токтом жана тескеме түрүндө кабыл алынат, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар шаардын мэри кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Мэриянын токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн шаардын мэриясынын компетенциясына таандык маселелер боюнча шаардын мэри тарабынан кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ болгон акт.

3. Мэриянын тескемеси - мэр тарабынан өз ыйгарым укуктарынын чегинде ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча кабыл алынган уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү акт.

4. Шаардын мэри кол койгон актылар мэр тарабынан жокко чыгарылышы, же болбосо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жараксыз деп таанылышы мүмкүн.

5. Шаардын мэриясынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча ишин уюштуруу эрежелери, мэриянын аппаратында документтер менен иштөөнү уюштуруу жана анын ишин документтер менен камсыз кылуу боюнча негизги талаптар мэриянын регламентинде белгиленет.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-40)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-41)
