# 37-берене. Жергиликтүү кеңештин төрагасы

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962); 15.02.2018 [Закон КР от 15 февраля 2018 года № 21 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/111754); 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096874..1096877>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 37-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-37

---

1. Шаардык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

2. Шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти көрсөтүүгө фракция же фракциялардын коалициясы укуктуу. Фракция же фракциялардын коалициясы бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.

3. Эгерде шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, шаардык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.

Шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер, шаардык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.

4. Айылдык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен айылдык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

5. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерликти айылдык кеңештин депутаты же депутаттарынын тобу көрсөтүүгө укуктуу. Депутат же болбосо депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.

6. Эгерде айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса, айылдык кеңештин төрагасын шайлоо болуп өттү деп эсептелет.

Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берген талапкер айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелет.

7. Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана башка шайлоонун жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламентинде аныкталат.

8. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин же фракциясынын демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

9. Шаардык кеңештин жана 20001 адамдан кем эмес калкы бар жергиликтүү кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерден тышкары акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.

10. Учурдагы жылдын 1-январына карата абал боюнча калктын саны 20001 адамдан аз администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү кеңешинин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок айылдык кеңештин сессиясы иштеген мезгилде бир жолку компенсация алат.

11. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:

1) жергиликтүү кеңештин сессиясын чакырат;

2) сессияларга төрагалык кылат;

3) жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коет;

4) жергиликтүү кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.

12. Жергиликтүү кеңештердин төрагалары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардактуу наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет.

(КР 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2018-жылдын 15-февралындагы N 21 , 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) "Токтом" МБ эскертүүсү: Берилген статьяга КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр 2020-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-36)  
Кийинки берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-38)
