# 36-берене. Жергиликтүү кеңештин чечимдери

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096874..1096877>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 36-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-36

---

1. Жергиликтүү кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча анын чечимдери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

2. Жергиликтүү кенештин чечимдери токтом жана тескеме түрүндө чыгарылат, ага жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан, ал эми ал жок болгон учурда - жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары тарабынан кол коюлат.

3. Жергиликтүү кеңештин токтому - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон ченемдик укуктук акт.

Жергиликтүү кеңештин токтому "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет.

4. Жергиликтүү кеңештин тескемеси - ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган жана тиешелүү аймакта милдеттүү түрдө юридикалык күчкө ээ болгон уюштуруу-тескөө мүнөзүндөгү акт.

Жергиликтүү кеңештин тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча кабыл алынган чечимдери тескеме түрүндө жеке өзү гана тарабынан кабыл алынат.

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын тескемеси, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, кабыл алынган күндөн тартыл күчүнө кирет.

6. Жергиликтүү кеңеш шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн жергиликтүү кеңештин кайрылуусун жана билдирүүсүн кабыл алууга укуктуу.

7. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдери тиешелүү аймакта жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткаруу үчүн милдеттүү.

8. Жергиликтүү кеңештердин чечимдери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-37)
