# 32-берене. Жергиликтүү кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962); 17.07.2014 [Закон КР от 17 июля 2014 года № 138 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205359); 16.10.2013 [Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205061)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096874..1096877>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 32-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-32

---

1. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле туруктуу комиссиялар да түзүлсө болот.

Жергиликтүү кеңештин карамагына кирген маселелер тиешелүү туруктуу комиссиялар тарабынан алдын ала каралбай туруп, жергиликтүү кеңештин сессиясында каралышы мүмкүн эмес.

2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби тиешелүү кеңештин депутаттык фракцияларынын жана депутаттарынын сунушу боюнча жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзө, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.

3. Туруктуу комиссиялар депутаттык фракциялардын жана топтордун чечими боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.

4. Бюджет жана финансы маселелерин карай турган шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын төрагасы, шаардык кеңеште азчылык фракция же фракциялардын коалициясы болбогон учурларды кошпогондо, азчылык фракциянын же фракциялар коалициясынын өкүлдөрүнүн ичинен шайланат. Туруктуу комиссиянын төрагасын шайлоо жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин токтому менен жол-жоболоштурулат.

Бюджет жана финансы маселелери боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын курамы шаардык кеңешти түзүүчү бардык фракциялардын же фракциялардын коалициясынын мүчөлөрүнөн түзүлөт. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өз ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.

5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын сунушу боюнча тиешелүү кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.

6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, аны тиешелүү комиссияга көрсөткөн депутаттык фракциянын же топтун сунушу боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.

7. Жергиликтүү кеңештердин туруктуу комиссияларынын укуктары, милдеттери, аларды уюштуруунун тартиби жана туруктуу комиссиялардын иши ушул Мыйзам, жергиликтүү кеңештин регламенти жана Кыргыз Республикасынын дагы башка мыйзамдык актылары менен белгиленет.

8. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.

9. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.

10. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.

11. Жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиялары Өкмөт тарабынан белгиленген тартипте туруктуу негизде жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын иш-аракетинин үзүрдүүлүгүн жана натыйжалуулугун ачыктоо максатында аларга мониторинг жүргүзөт жана баа берет.

Туруктуу комиссиялар ченемдик укуктук актыларга мониторинг жүргүзүүдө жана баа берүүдө көз карандысыз эксперттерди, жарандык коомдун өкүлдөрүн жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн тартууга укуктуу. (КР 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 17-июлундагы № 138 , 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-33)
