# 3-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптери

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 35 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205257)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096857..1096858>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 3-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-3

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырылат:

1) мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоонун;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдында ачыктыгы жана жоопкерчиликтүүлүгү жана алардын өз иш-милдеттерин жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарында жүзөгө ашырышы;

3) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;

4) өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо;

5) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары, чогулуштары жана курултайлары аркылуу эрктерин билдириши;

6) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;

7) коомдук ой-пикирдин ачыктыгы жана эсепке алынышы;

8) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;

9) өзүнүн компетенциясындагы маселелерди чечүүдө жергиликтүү кеңештердин көз карандысыздыгы.

10) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардын мониторингин жана аларга баа берүүнү туруктуу негизде жүргүзүү.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын конституциялык укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара тыгыз байланышта иштейт.

(КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-4)
