# 29-берене. Жаңыдан түзүлгөн администрациялык-аймактык бирдиктеги жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205061)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 16.10.2013 [Закон КР от 16 октября 2013 года № 192 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205061); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096854..1096855>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 29-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-29

---

1. Жаңыдан түзүлгөн айылдык аймактардагы, шаардагы жергиликтүү кеңештердин биринчи сессиясы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан тиешелүү кеңешке шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакыртылат.

2. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо, кеңешти уюштуруунун дагы башка эң маанилүү маселелери киргизилет.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-30)
