# 27-берене. Жергиликтүү кеңештердин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 27-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-27

---

1. Жергиликтүү кеңештердин жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт.

2. Мамлекеттик бийлик органдары жергиликтүү кеңештердин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.

3. Жергиликтүү кеңештер жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз.

4. Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча жергиликтүү кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышуу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрүн чакыра алат.

5. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук маанилүү маселелери боюнча өз чечимдерин жергиликтүү кеңештер менен консультациялашат жана жазуу жүзүндө макулдашат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-28)
