# 22-берене. Жергиликтүү кеңештин депутатынын статусунун айрым кызмат орундары жана иштин түрлөрү менен коошпогондугу

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 118 "О внесения изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О статусе депутатов местных кенешей", "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111965)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 118 "О внесения изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местном самоуправлении", "О статусе депутатов местных кенешей", "О статусе столицы", "О статусе города Ош")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111965); 25.04.2013 [Закон КР от 25 апреля 2013 года № 59 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203866)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096874..1096877>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 22-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-22

---

1. Жергиликтүү кеңештин депутаты төмөнкү учурларда мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта боло албайт:

1) эгерде ал жетекчилик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү башкаруунун өкүлчүлүктүү органы да (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңеши) ошол эле айылдык аймактын же шаардын аймагынын чектеринде жайгашкан болсо;

2) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешине) отчеттуу болсо;

3) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин шайлоого, дайындоого, бошотууга сунуштоо ал депутаты болуп саналган ошол жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын (айылдык аймактын же шаардын жергиликтүү кеңешинин) ыйгарым укуктарына тийиштүү болсо.

2. Депутаттык ыйгарым укуктарды ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен тиешелүү айылдык аймактын же шаардын калкына кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга болбойт.

3. Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнүн депутаттык мандатын депутаттык ишке байланышпаган максаттарда пайдаланууга укуксуз.

4. Бир эле адам бир гана айылдык же шаардык кеңештин депутаты боло алат.

(КР 2013-жылдын 25-апрелиндеги № 59, 2019-жылдын 8-августундагы N 118 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-21-1)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-23)
