# 21-берене. Жергиликтүү кеңештер

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096850..1096851>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 21-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-21

---

1. Жергиликтүү кеңештер - ушул Мыйзам, шайлоо жөнүндө жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары.

2. Кыргыз Республикасында төмөндөгүдөй жергиликтүү кеңештер белгиленет:

1) айылдык кеңеш - айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;

2) шаардык кеңеш - шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы;

3) (КР 2012-жылдын 3-августундагы N 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Жергиликтүү кеңештер жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүнүн тартиби мыйзам менен аныкталат.

4. Жергиликтүү кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин - райондун жергиликтүү кеңештери жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарын өткөрүүгө жана ушул Мыйзамга ылайык токтом түрүндө биргелешкен чечим кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда жергиликтүү кеңештердин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

5. Шаардык кеңештердин шайланган депутаттары партияга таандыктуулугуна ылайык депутаттык фракцияларга (мындан ары - фракциялар) биригишет. Депутаттык мандаттардын жарымынан көбүнө ээ болгон шаардык кеңештеги фракциялардын коалициясын түзүү жөнүндө расмий жарыялаган фракция же фракциялардын коалициясы шаардык кеңеште көпчүлүк деп саналат. Көпчүлүк фракцияларынын коалициясына кирбеген фракция же фракциялар шаардык кеңеште азчылык деп саналат.

Шаардык кеңештин депутаттары көпчүлүк фракцияларынын коалициясына бириккен учурда бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагалыгы, шаардык кеңеште азчылык фракция же фракциялардын коалициясы болбогон учурларды кошпогондо, азчылык фракцияга же фракциялардын коалициясына берилет.

6. Депутаттык фракцияларды, фракциялардын коалициясын түзүү жана алардын иштөө тартиби шаардык кеңештин регламентинде белгиленет.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2013-жылдын 16-октябрындагы № 192, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 , 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-20)  
Кийинки берене: [21-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-21-1)
