# 21-1-берене. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-21-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 21-1-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-21-1

---

1. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

1) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын - акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлик боюнча мыйзамда белгиленген тартипте сунуш киргизүү;

2) жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү аймактагы иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын отчетун угуу;

3) өз милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен ишеним көрсөтпөөнү билдирүү;

4) "Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген санда аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизүү үчүн талапкерликтерди Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүү, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына талапкерликтерди көрсөтүү.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысына ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени демилгелөө катары жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн бири кол койгон жазуу жүзүндөгү сунуштамасы эсептелет. Сунуштамага кол койгон депутат өзүнүн кол тамгасын чакыртып алууга укугу жок.

3. Жыйналыш жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын ишинин уюштуруучулук-укуктук негизги формасы болуп эсептелет. Жыйналыштарды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын регламентинде аныкталат.

4. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот. Эгерде мыйзамда башкача каралбаса, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.

5. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын биринчи жыйналышын тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин - райондун жергиликтүү кеңештеринин төрагаларынын ичинен жашы боюнча улуусу ачат.

6. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын жыйналыштары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышында бекитилген регламентке ылайык жыйналыштарга катышууга укуктуу.

Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга кирген учурларда, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат.

7. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиуму үч адамдан турган курамда жергиликтүү кеңештердин төрагаларынын ичинен шайланат. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын ичинен катчылыкты жана эсептөө комиссиясын ар бири үч адамдан турган курамда шайлайт.

8. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы президиумдун курамынан жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасын шайлайт.

9. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын төрагасы, президиуму, катчылыгы жана эсептөө комиссиясы 1 жылга шайланат. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын президиумунун, катчылыгынын, эсептөө комиссиясынын кийинки курамы жана төрагасы ушул беренеде белгиленген тартипте шайланат.

10. Премьер-министр ушул Мыйзамдын 1-бөлүгүндө белгиленген маселелер боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышын чакырууга укуктуу, Премьер-министр тиешелүү жергиликтүү кеңештерге жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышын чакыруу жөнүндө кат жөнөтөт.

11. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы токтом түрүндө чечим кабыл алат.

Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын токтомуна жана протоколдоруна жергиликтүү кеңештердин бардык төрагалары кол коет жана бардык жергиликтүү кеңештердин мөөрү менен күбөлөндүрүлөт. (КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-21)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-22)
