# 2-берене. Негизги түшүнүктөр жана терминдер

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 декабря 2016 года № 196 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности", "О местном самоуправлении")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111475)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.12.2016 [Закон КР от 12 декабря 2016 года № 196 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности", "О местном самоуправлении")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111475); 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096866..1096867>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 2-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-2

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат: жергиликтүү жамаат - администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилигинде чечүү кызыкчылыктары менен бириккен Кыргыз Республикасынын жарандарынын тобу; жергиликтүү жамааттын мүчөсү - администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны; шаар, айылдык аймак - жергиликтүү жамаат чек араларында жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашыруучу администрациялык-аймактык бирдик. Шаар, айылдык аймак бир же бир нече калктуу конуштардын турушу мүмкүн; муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлигинде, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерди алуу булагы катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү жамааттардын менчиги; муниципалдык кызмат - жарандардын кесипкөй жана акы төлөнүүчү негизде жүзөгө ашырылуучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдарындагы иштери; жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан жарандардын тикелей эрк-ниетин билдирүү жолу менен чечилүүчү, тиешелүү аймактагы калктын турмуш-тиричилигин камсыз кылуу маселелери; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу органдар; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы - тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин калкы тарабынан тике шайлануучу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү ыйгарым укуктары берилген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу коллегиялуу органы. Айылдык аймактарда жана шаарларда жергиликтүү кеңештер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары болуп саналат; жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы - тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин - райондун жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын чогулушу; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн орган. Шаарлардын мэриялары, айыл өкмөттөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары болуп саналат; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун шайлануучу кызмат адамы - калк же жергиликтүү кеңеш тарабынан түздөн-түз шайланган жаран; айыл өкмөтүнүн башчысы - шайлануучу кызмат адамы, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси; айыл башчысы - айыл өкмөтүнүн чечими менен берилген иш-милдеттерди аткаруучу дайындалуучу кызмат адамы; мэр - шаардын шайлануучу кызмат адамы, шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын жетекчиси; мэрия - шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча мэрдин ишин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы; жергиликтүү мамлекеттик администрация - райондун аймагындагы аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы; жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы - райондун акими; жарандардын жыйыны - калктын алар боюнча жергиликтүү жамааттын уставына ылайык сунуштамаларды же чечимдерди кабыл алуу менен, бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашаган тургундардын чогулушунда аларды талкуулоо жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусунун тикелей формасы; жергиликтүү жамааттын курултайы - жалпы кызыкчылыктагы маселелерди талкуулоо максатында жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрүнүн чогулушу; берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар; жергиликтүү жамааттын (шаардын, айыл аймагынын) уставы - жергиликтүү кеңештин ченемдик укуктук актысы менен бекитилүүчү жана тиешелүү аймакта калктын турмуш-тиричилигинин маселелери боюнча жергиликтүү жамааттын ортосундагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелерин жөнгө салуучу акт; функция - калкка кызматтарды көрсөтүүгө байланышкан, мамлекеттик бийлик органдарынын жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш чөйрөсү; компетенция - мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысы; ыйгарым укуктар - мамлекеттик бийлик органдарынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өздөрүнө жүктөлгөн иш-милдеттерди аткарууга багытталган белгилүү бир ишти жүзөгө ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укугу. консультациялык-укуктук жардам - Кыргыз Республикасынын укуктук тутуму, укук субъекттеринин укуктары жана милдеттери, соттук жана соттон тышкаркы тартипте укуктарды ишке ашыруу жана пайдалануу ыкмалары жөнүндө маалымдоо; укук маселелери боюнча консультациялоо; укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардам берүү; квалификациялуу юридикалык жардамдын аныктамасына туш келбеген, мазмуну "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган жардамдын башка түрлөрү. (КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-3)
