# 18-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелер

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам охраны и защиты от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111571)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 27.04.2017 [Закон КР от 27 апреля 2017 года № 64 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам охраны и защиты от семейного насилия"](https://aqlex.ai/kg/doc/111571); 12.12.2016 [Закон КР от 12 декабря 2016 года № 196 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "Об Адвокатуре Кыргызской Республики и адвокатской деятельности", "О местном самоуправлении")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111475); 15.05.2014 [Закон КР от 15 мая 2014 года № 67 "О внесении дополнения в Закон Кыргызской Республики «О местном самоуправлении»"](https://aqlex.ai/kg/doc/205288); 13.01.2014 [Закон КР от 13 января 2014 года № 10 "О внесении дополнений и изменения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205230); 19.06.2012 [Закон КР от 19 июня 2012 года № 87 "О внесении дополнения и изменений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении"](https://aqlex.ai/kg/doc/203687)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096867..1096868>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 18-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-18

---

1. Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун төмөнкү маселелери таандык кылынат:

1) тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;

2) муниципалдык менчикти башкаруу;

3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;

4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;

5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;

6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;

7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;

8) көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;

9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;

10) парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;

11) турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;

12) муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;

13) жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контролдоо;

14) жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;

15) жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;

16) тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;

17) коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;

18) элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

19) бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;

20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;

21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;

22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;

23) Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу жөнүндө мыйзамдарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына таандык кылынган кен байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.

24) калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү.

25) үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашыруу.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө саналып өткөн ыйгарым укуктар ушуну менен бүттү деп эсептелбейт жана жергиликтүү жамааттар менен алардын органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну чектебейт.

(КР 2012-жылдын 19-июнундагы № 87, 2014-жылдын 13-январындагы № 10, 2014-жылдын 15-майындагы № 67, 2016-жылдын 12-декабрындагы № 196, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-19)
