# 17-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелерди белгилөөнүн жана чечүүнүн тартиби

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 17-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-17

---

1. Жергиликтүү маанидеги маселелер ушул Мыйзам жана жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет, өзгөртүлөт жана токтотулат.

2. Мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик менчиктен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн зарыл болгон мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берет.

3. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелеринин тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамы, башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле жергиликтүү жамааттын уставы менен белгиленет.

4. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн натыйжалары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тиешелүү аймактын жергиликтүү жамаатына отчет берет.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-18)
