# 16-берене. Жергиликтүү маанидеги маселелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын белгилөөнүн принциптери

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 16-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-16

---

Жергиликтүү маанидеги маселелерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башка иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын белгилөө төмөнкү принциптердин негизинде жүргүзүлөт:

1) мындай кызматтарды натыйжалуу көрсөтүүгө жарамдуу болгон төмөн турган башкаруу деңгээли тарабынан кызматтарды көрсөтүүнүн;

2) көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылуу максатында иш-милдеттер менен ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда натыйжалуулуктун жана максатка ылайыктуулуктун;

3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык, экономикалык жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша дифференциялоонун;

4) иш-милдеттерди аткарууда жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда жергиликтүү кызыкчылыктын болушунун;

5) жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды эриш-аркак келтирүүнүн;

6) ачыктыктын жана коллегиялуулуктун;

7) ченемдик укуктук актыларда мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктарынын чегин ажыратуунун.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-17)
