# 15-берене. Жергиликтүү жамааттардын уставдары

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.11.2014 [Закон КР от 21 ноября 2014 года № 158 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205379); 30.11.2011 [Закон КР от 30 ноября 2011 года № 228 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О местном самоуправлении""](https://aqlex.ai/kg/doc/203472)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096860..1096861>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 15-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-15

---

1. Жергиликтүү жамааттардын уставдары тиешелүү жергиликтүү жамааттын чогулуштарында (жыйындарында) же курултайларында талкуунун натыйжалары боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан кабыл алынат. Уставды бекитүү жөнүндө чечим тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү жамааттын уставы жергиликтүү жамааттын ички турмуш-тиричилигинин негизги принциптерин жана эрежелерин регламенттейт, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин карайт, жергиликтүү жамааттын бюджеттик процесстерге жана башка маселелерге катышуусун жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин кошуп алганда, жергиликтүү жамааттын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө өз ара мамилелеринин тартибин аныктайт.

3. Мурда кабыл алынган уставдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор чогулуштарда (жыйындарда) же жергиликтүү жамааттын тиешелүү курултайларында талкуулоонун жыйынтыктары боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добушу менен кабыл алынат.

Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмес сандагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмес санындагы тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тобу тарабынан демилгелениши мүмкүн.

4. Эгерде ушул Мыйзам менен уставдар менен жөнгө салуу чөйрөсүнө таандык кылынган маселелер устав менен жөнгө салынбаса, анда алар ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.

5. Жергиликтүү жамааттын уставы жергиликтүү башкаруу органдарында жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актыларын каттоо үчүн белгиленген тартипте милдеттүү түрдө катталууга жатат.

Жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын көчүрмөсү уставдын текстинин тиркемеси менен расмий жарыялангандан кийин ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жиберилет. (КР 2011-жылдын 30-ноябрындагы № 228, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 158 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-16)
