# 14-берене. Жергиликтүү ченем чыгаруу (элдик) демилгеси

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.08.2019 [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102#diff=1096874..1096877>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 14-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-14

---

1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу демилгесине укуктуу. Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгесин ишке ашыруунун тартиби мыйзамга ылайык жергиликтүү жамааттын уставында аныкталат. Жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси тартибинде жергиликтүү кеңешке киргизилген жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлору демилгечилеринин жана тиешелүү жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусу менен каралууга тийиш.

2. Жергиликтүү ченем чыгаруу демилгесинин укуктарына ээ жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн саны тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктеги калктын санын эске алуу менен төмөнкүдөй белгиленет:

1) Бишкек, Ош шаарлары - 5000 мүчө;

2) шаардык жана айылдык кеңештер (статистикалык маалыматтарга ылайык шайлоолор өткөрүлүп жаткан администрациялык-аймактык бирдиктин жылдын 1-январына карата калкынын саны боюнча):

а) 6000ге чейин - 300 мүчө;

б) 6001ден 20000ге чейин - 600 мүчө;

в) 20001ден жана андан жогору - 1000 мүчө.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-15)
