# 11-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын токтото туруу

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 11-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-11

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Конституцияга, белгиленген тартипте кабыл алынган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбеген актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка тикелей коркунуч келтирүүчү аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний араздашууну үгүттөөгө жана козутууга багытталган башка аракеттерди жасоого укуксуз.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тартип бузуулар жасалган учурда, Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) Конституцияда, өзгөчө абал жөнүндө конституциялык мыйзамда каралган чараларды көрүүгө, анын ичинде буга күнөөлүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин токтото турууга жана соттук чечим чыгарылганга чейин ушул аймакка тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүгө укуктуу. Тикелей мамлекеттик башкаруу киргизүүнүн тартиби жана мындай башкаруунун режими Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталат.

3. Тикелей мамлекеттик башкарууну киргизүү менен Өкмөт анын аткарылышын камсыз кылат жана зарыл болгондо тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укук ченемсиз актыларын жокко чыгаруу үчүн сот органдарына кайрылат.

4. Сот тартибинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн иш аракеттердин жасалган фактысы аныкталган учурда, Президент жергиликтүү кеңешти таратууга жана кеңештин жаңы курамына шайлоо жарыялоого укуктуу.

5. Жергиликтүү кеңеш ошондой эле Президент тарабынан ушул Мыйзамда каралган учурларда да таратылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-12)
