# 1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

- Документ: [Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203102)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 101
- Кабыл алынган күнү: 15.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4147/edition/1096847/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203102/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө, 1-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-1

---

1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бирдиктеринин деңгээлинде жергиликтүү бийликти уюштуруунун принциптерин белгилейт, көпчүлүктүн бийлигин жүзөгө ашыруудагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролун аныктайт, алардын ишинин уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекитет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара мамилелеринин компетенциясын жана принциптерин, жергиликтүү жамааттардын өз алдынча башкаруу укугунун мамлекеттик кепилдиктерин белгилейт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрү, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартиби бул шаарлардын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамдарында белгиленет.

Чек арадагы, бийик тоолуу, алыскы аймактардагы өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрү, алардын иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары, мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери бул аймактардын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.

3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жергиликтүү бийлик органдарынын башка ыйгарым укуктары белгилениши мүмкүн.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203102/st-2)
