1-берене. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
1. Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык бирдиктеринин деңгээлинде жергиликтүү бийликти уюштуруунун принциптерин белгилейт, көпчүлүктүн бийлигин жүзөгө ашыруудагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролун аныктайт, алардын ишинин уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекитет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара мамилелеринин компетенциясын жана принциптерин, жергиликтүү жамааттардын өз алдынча башкаруу укугунун мамлекеттик кепилдиктерин белгилейт.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрү, Бишкек жана Ош шаарларында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартиби бул шаарлардын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамдарында белгиленет.
Чек арадагы, бийик тоолуу, алыскы аймактардагы өз алдынча башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүктөрү, алардын иш-милдеттери жана ыйгарым укуктары, мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара мамилелери бул аймактардын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленет.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жергиликтүү бийлик органдарынын башка ыйгарым укуктары белгилениши мүмкүн.
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-иунундагы № 330 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын…Постановление · 01.06.2017 · № 330
- КР Өкмѳтүнүн 2015-жылдын 17-ноябрындагы № 777 "Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 17.11.2015 · № 777 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-июлундагы № 418 "«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын…Постановление · 04.07.2017 · № 418 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 28-январындагы № 37 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 28.01.2020 · № 37 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 16-мартындагы № 156 ""Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу"…Постановление · 16.03.2020 · № 156 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203102/st-1" title="1-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>