# 9-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын компетенциясы

- Документ: [Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203101)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 26.12.2020 [Закон КР от 26 декабря 2020 года № 12 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам поддержки инвестиций"](https://aqlex.ai/kg/doc/112178); 24.04.2019 [Закон КР от 24 апреля 2019 года № 56 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам внедрения института пробации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111902); 17.04.2015 [Закон КР от 17 апреля 2015 года № 85 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111128); 15.11.2013 [Закон КР от 15 ноября 2013 года № 201 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205068); 15.07.2013 [Закон КР от 15 июля 2013 года № 143 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203951); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749); 16.07.2012 [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101#diff=1096813..1096814>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4146/edition/1096801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203101/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 9-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-9

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрация:

1) тиешелүү аймакта аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат;

2) аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын долбоорун бекитет, аларды аткарууну уюштурат жана ошол программалардын аткарылышы жөнүндө жергиликтүү кеңештердин биргелешкен жыйналышына отчет берет;

3) республикалык бюджеттин каражаттарын жана стратегиялык багыттагы каражаттардын натыйжалуу жана максаттуу пайдаланылышын контролдоону жүзөгө ашырат;

4) тийиштүү аймакты өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;

5) тийиштүү аймактагы мамлекеттик менчикти натыйжалуу башкарууну камсыз кылат;

6) кечиктирилгис социалдык-экономикалык, экологиялык жана башка милдеттерди чечүү үчүн колдо болгон ресурстарды тартууну уюштурат;

7) өзгөчө кырдаалдарды, табигый кырсыктарды болтурбоо жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды координациялайт жана жүзөгө ашырат;

7-1) тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышуулардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

8) жарандардын укуктарынын сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат;

8-1) тиешелүү аймакта балдардын укуктарынын жана кызыкчылыктарынын сакталышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; 8-2) Балдар иштери боюнча комиссиянын ишин уюштурат; 8-3) Пробация боюнча кеңештин ишин уюштурат;

9) жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик программаларды башкарууну жана программалардын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;

10) аймактык шайлоо комиссияларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, алардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жардамдарды көрсөтөт;

10-1) баалуулугу кыйла төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин кыйла баалуу түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу теңдеш түрлөрүн - бир түрдөн башкасына которот; 10-2) мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жүзөгө ашырат жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууларды "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзөт;

103) айыл чарба багытындагы жайыттарды, чабындыларды жана айыл чарба багытындагы эмес жерлердин түрлөрүн жеке турак жайларды курууга жерлерди которууну кошпогондо, жерлердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которот;

104) запастагы жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которот;

11) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка иш-милдеттерди жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114, 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2013-жылдын 15-июлундагы № 143, 2013-жылдын 15-ноябрындагы № 201, 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 85, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56, 2020-жылдын 26-декабрындагы № 12 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-10)
