# 7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери

- Документ: [Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203101)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4146/edition/1096801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203101/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 7-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-7

---

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишин мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди башкарууга катышууга жарандардын конституциялык укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү аркылуу тиешелүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта жүзөгө ашырат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына ылайык келбеген чечимдерди кабыл алган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы кетирилген бузууларды четтетүү тууралуу сунушту тийиштүү жергиликтүү кеңешке киргизет, ал жергиликтүү кеңеш тарабынан бир айлык мөөнөттө чечим чыгаруу менен каралууга тийиш. Бул чечимдер жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-8)
