7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери
Күчүн жоготкон · 20.10.2021 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 октября 2021 года № 123.
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишин мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди башкарууга катышууга жарандардын конституциялык укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү аркылуу тиешелүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз байланышта жүзөгө ашырат.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актыларына ылайык келбеген чечимдерди кабыл алган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы кетирилген бузууларды четтетүү тууралуу сунушту тийиштүү жергиликтүү кеңешке киргизет, ал жергиликтүү кеңеш тарабынан бир айлык мөөнөттө чечим чыгаруу менен каралууга тийиш. Бул чечимдер жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан сотко даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 20.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203101/st-7" title="7-берене - Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>