# 5-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракети

- Документ: [Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203101)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101#diff=1096804..1096805>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4146/edition/1096801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203101/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 5-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-5

---

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн иштерин координациялоо ыйгарым укугуна ээ болот.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрация министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн иштеринин пландарын, алардын аткарылышы тууралуу отчетторду берүүнү талап кылууга, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде аткарылышы милдеттүү болгон тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүгө укуктуу.

3. Аткаруучу-тескөөчү иштердин маанилүү маселелерин кароо үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрацияда консультативдик-кеңешүүчү орган - коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы, анын орун басарлары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы тарабынан аныкталуучу мамлекеттик бийликтин башка кызмат адамдары кирет.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн администрациялары менен өз ара аракеттеринин тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын регламенти менен аныкталат.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-августундагы № 594 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу" токтому

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-6)
