# 3-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишинин жалпы принциптери

- Документ: [Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203101)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4146/edition/1096801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203101/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 3-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-3

---

Райондун аткаруу бийлигинин органдары өз ишин төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырышат:

1) мыйзамдуулук жана социалдык адилеттүүлүк;

2) жарандардын жана жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзамда корголгон кызыкчылыктарын коргоо;

3) жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү кызыкчылыктарды айкалыштыруу;

4) маселелерди чечүүдө ачыктык жана айкындуулук;

5) өз иштеринин натыйжалары үчүн мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана калк алдында жоопкерчилик;

6) мамлекеттик администрация менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ажыратуу.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-4)
