# 18-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

- Документ: [Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203101)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4146/edition/1096801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203101/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 18-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-18

---

1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында жоопкерчиликтүү, анын ичинде өз аракеттери же аракетсиздиги менен калктын кызыкчылыктарына, жергиликтүү чарбага, курчап турган чөйрөгө келтирген зыяндын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациянын чечимдерин аткарбагандыгынын натыйжасында келтирилген чыгымдарды толук көлөмдө ордун толтуруу менен мүлктүк жоопкерчилик да тартышат.

2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тарабынан камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-19)
