# 15-берене. Акимдин кызмат ордунан бошотулушунун тартиби

- Документ: [Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203101)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 21 октября 2016 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам декларирования расходов государственных и муниципальных служащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/111448)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 21.10.2016 [Закон КР от 21 октября 2016 года № 169 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам декларирования расходов государственных и муниципальных служащих"](https://aqlex.ai/kg/doc/111448); 17.04.2015 [Закон КР от 17 апреля 2015 года № 85 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111128); 10.01.2014 [Закон КР от 10 января 2014 года № 1 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации""](https://aqlex.ai/kg/doc/205221); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101#diff=1096810..1096811>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4146/edition/1096801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203101/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 15-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-15

---

1. Аким Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан ээлеген кызмат ордунан төмөнкү учурларда бошотулушу мүмкүн:

1) өз арызынын негизинде;

2) прокуратура органдары тарабынан белгиленген мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;

3) райондогу социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий кырдаалдын начарлашына алып келген өзүнүн кызматтык милдеттерин талаптагыдай эмес аткарган, ошондой эле жаманатты кылган жосунду жасаган учурда - депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын макулдугу менен;

3-1) төмөнкү негиздердин биринен улам ишенимин жоготкон учурда:

- кызыкчылыктардын кагылышуусунун тарабы болуп саналганда, анын алдын алуу жана/же аны жөнгө салуу боюнча өз убагында аракеттерди көрбөсө;

- жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик менен алектенсе;

- коммерциялык уюмдардын башкаруу органында иштесе (мыйзамда каралган учурларды кошпогондо);

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык декларацияда маалыматтарды бербесе же болбосо билип туруп анык эмес же толук эмес берсе;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жаап-жашырса;

3-2) өз убагында тиешелүү аймакта этностор аралык кагылышууларга алып келген мамилелерди жана кырдаалды жөнгө салуу боюнча компетенциясынын чектеринде чараларды көрбөсө;

4) соттун күчүнө кирген айыптоо өкүмүнүн негизинде;

5) сот тарабынан ал аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;

6) аны өлдү, дайынсыз жоголгон деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле каза болгон учурда;

7) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жерине чыгып кеткен учурда;

8) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет өлкөлүк мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

9) ишке туруктуу жарамсыздыктын натыйжасында өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда;

10) эгерде ал жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына катышкан депутаттардын үчтөн экисинин добушу менен колдоого алынса, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышында депутаттардын жалпы санынын үчтөн бир депутаттарынын демилгеси боюнча;

10-1) эгерде ал жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына катышкан депутаттардын үчтөн биринин добуштары менен колдоого алынса, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин демилгеси боюнча.

11) (КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2. Акимге жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттары тарабынан ишеним көрсөтүлбөгөн учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аны кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечим кабын алууга же жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын чечимине макул болбоого укуктуу.

3. Эгерде жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттары 3 айдын ичинде акимге ишеним көрсөтпөө жөнүндө кайталап чечим кабыл алган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри аны ээлеген кызмат ордунан бошотот.

4. Аким кызмат ордунан бошотулган учурда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жаңы талапкер дайындалганга чейин акимдин милдетин аткаруучуну дайындай алат.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2014-жылдын 10-январындагы № 1, 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 85, 2016-жылдын 21-октябрында № 169 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-16)
