# 14-берене. Акимдин кызмат ордуна дайындоо тартиби

- Документ: [Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203101)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 января 2014 года № 1 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации""](https://aqlex.ai/kg/doc/205221)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.01.2014 [Закон КР от 10 января 2014 года № 1 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации""](https://aqlex.ai/kg/doc/205221); 10.08.2012 [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749); 17.03.2012 [Закон КР от 17 марта 2012 года № 20 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203620); 25.11.2011 [Закон КР от 25 ноября 2011 года № 220 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации""](https://aqlex.ai/kg/doc/203460)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101#diff=1096808..1096809>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4146/edition/1096801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203101/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 14-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-14

---

1. Жогорку билими бар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын аракетке жарамдуу жараны аким боло алат.

Кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу бар, соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан Кыргыз Республикасынын жараны аким боло албайт. Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2016-жылдын 27-январындагы № 1-р чечими

2. Аким Кыргыз Республикасынын Премьер-министри көрсөткөн талапкерлердин (3төн кем эмес) ичинен жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалат. Мында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри акимдин бошогон кызмат орду пайда болгон күндөн тартып 30 жумушчу күндөн кеч эмес жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына талапкерлерди (3төн кем эмес) киргизет.

Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан тиешелүү сунуштамалар киргизилген күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде сунушталган талапкерлердин бирин тандап алат жана акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине киргизет.

3. Эгерде жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса акимдин кызмат ордуна дайындоого сунуш кылуу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы болду деп эсептелет. Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышында депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер тандалып алынды деп эсептелет. Эгерде талапкерлердин бири да депутаттардын добуштарынын зарыл санын ала албаса, добуш берүүнүн биринчи турунун жыйынтыгы боюнча добуштардын көбүрөөк санын алган эки талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт.

Добуш берүүнүн экинчи турун өткөрүү үчүн эки талапкерди аныктоо мүмкүн болбогон учурда добуш берүүнүн экинчи туруна талапкерлерди аныктоо үчүн добуштардын бирдей санына ээ болгон талапкерлердин ортосунда орто аралыктагы тур өткөрүлөт. Башка талапкерге караганда, добуш берүүгө катышкан депутаттардын көпчүлүк добуштарын алган талапкер добуш берүүнүн экинчи турунда тандап алынды деп эсептелет. Эгерде экинчи турдун жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең добуштардын бирдей санын алган учурда, ошол талапкерлер тандап алынды деп эсептелет жана алардын бирин акимдин кызмат ордуна дайындоо жөнүндө маселени чечүү үчүн Премьер-министрге сунуш кылынат. Акимдин кызмат ордуна дайындоого сунуш кылуу үчүн талапкерди тандап алууну кийинки жыйналышка жылдыруу мүмкүн эмес.

4. Акимдин кызмат ордуна дайындоо сунуштоо үчүн талапкерлерди тандап алуу жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Талапкерлерди тандап алууну жүргүзүүнүн ушул беренеде жөнгө салынбаган тартиби жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын регламенти менен аныкталат.

5. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине талапкерди сунуш кылбаган учурда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республикасынын Президентине тийиштүү райондун жергиликтүү кеңештерин таратуу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолорду дайындоо жөнүндө сунуш киргизүүгө укуктуу.

Акимдин бош кызмат ордуна жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышы тарабынан сунуш кылынган талапкер Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан 10 жумушчу күндүн ичинде милдеттүү түрдө дайындалууга жатат.

6. (КР 2012-жылдын 17-мартындагы № 20 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 220, 2012-жылдын 17-мартындагы № 20, 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2012-жылдын 10-августундагы № 164, 2014-жылдын 10-январындагы № 1 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-15)
