# 13-берене. Акимдин, анын орун басарларынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин ишин чектөөлөр

- Документ: [Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203101)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 августа 2012 года № 164 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203764)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101#diff=1096805..1096806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4146/edition/1096801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203101/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 13-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-13

---

1. Аким, анын орун басарлары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештердин депутаттары боло албайт.

2. Акимге, анын орун басарларына, жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын органдарынын жана аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) педагогикалык, илимий жана башка чыгармачылык иштен тышкары акы төлөнүүчү бөлөк иш менен алектенүүгө. Мында эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же мамлекеттик бийлик органдарынын чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдары менен өз ара негизиндеги сүйлөшүүлөрүндө башкача каралбаса, окутуу, илимий жана башка чыгармачылык иш чет мамлекеттин, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эсебинен каржыланбайт;

2) жеке өзү же ишенимдүү адамдар аркылуу ишкердик менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формасына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга жеке катышууга, ошондой эле өзүнүн кызмат абалын муниципалдык кызматчы же анын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кандай болбосун тике же кыйыр пайда алуу менен ишкердикти жүзөгө ашырууда жеке же юридикалык жактарга көмөк көрсөтүү үчүн пайдаланууга;

3) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мамлекеттик бийлик органында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишке ишенимдүү адам же өкүл болууга;

4) маалыматты, материалдык-техникалык, каржы жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын жана кызматтык иш үчүн гана арналган башка мамлекеттик мүлктү кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;

5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланыштуу жеке жана юридикалык жактардан сыйакыларды (ссудаларды, акчалай же башка сыйакыны, кызмат көрсөтүүлөрдү, көңүл ачууларга, эс алууларга, транспорт чыгымдарына төлөөнү ж.б.) жана белектерди алууга. Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектер тийиштүүлүгүнө жараша Кыргыз Республикасынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын менчиги болуп таанылат жана акт боюнча тийиштүү болгон мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органга өткөрүлүп берилет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын ээлеген, туруктуу негизде ээлеп турган адам, протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алган белектерди тапшырса, аларды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте сатып ала алат.

6) өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат убагында саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардын иштерин кандайдыр бир формада түзүүгө, аларга катышууга же көмөк көрсөтүүгө; кызмат иштерин партиянын программаларына жана чечимдерине баш ийдирүүгө тыюу салынат.

7) өзү менен туугандык мамилелерде болгон адамдарды (ата-энеси, жубайы, ага-инилери, эже-сиңдилери жана балдары) түздөн-түз ага баш ийген кызматка дайындоого;

8) өзүнүн ыйгарым укугу болбой туруп, кызматы менен байланышкан милдеттенмелерди өзүнө алууга жана убада берүүгө;

9) мамлекеттик кызматчынын өзүнүн жана үй-бөлө мүчөлөрүнүн, ошондой эле анын жакын туугандары болуп саналган адамдардын жеке кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелерди чечүү максатында өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;

10) иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштурууга же ага катышууга же башка аракеттери менен мамлекеттик органдардын иштешине жана мамлекеттик кызматчылардын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусуна тоскоолдук кылууга;

11) кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу ага белгилүү болуп калган, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кирүү мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматтарды кызматтык милдеттери менен байланышпаган максаттарда ачыкка чыгарууга жана колдонууга;

12) эгерде Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же мамлекеттик бийлик органдарынын чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдары менен өз ара негизиндеги сүйлөшүүлөрүндө башкача каралбаса, башкаруу органдарынын, камкорчулук же байкоо кеңештеринин, башка чет өлкөлүк коммерциялык эмес өкмөттүк эмес уюмдардын жана алардын Кыргыз Республикасынын аймагында иш жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө;

13) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, муниципалдык органдарынын чет өлкөлүк мамлекеттердин мамлекеттик же муниципалдык органдары, эл аралык же чет өлкөлүк уюмдар менен келишимдери боюнча жүзөгө ашырылуучу иш сапарлардан кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынан тышкары кызматтык иш сапарларга чыгууга;

14) туруктуу негизде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматын ээлеп турган адам катары жарыялоолор жана чыгып сүйлөөлөр үчүн калем акы алууга;

15) шайлоолорду даярдоодо жана өткөрүүдө шайлоо комиссияларынын ишине, ошондой эле референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине кийлигишүүгө.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн талаптарды бузган кызмат адамдары ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жоопкерчиликти тартышат.

4. Ушул берене жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актылары менен белгиленген чек коюулар жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башка кызмат адамдарына да жайылтылат.

(КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-14)
