# 11-берене. Акимдин ыйгарым укуктары

- Документ: [Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203101)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 08.07.2019 [Закон КР от 8 июля 2019 года № 83 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере официальной статистики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111930); 03.08.2012 [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749); 16.07.2012 [Закон КР от 16 июля 2012 года № 114 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203714)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101#diff=1096812..1096813>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4146/edition/1096801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203101/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 11-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-11

---

1. Аким:

1) райондун аймагында мамлекеттик администрациянын ишин уюштурат жана белгиленген тартипте анын натыйжалары үчүн жооп берет;

2) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт, судьялардан, прокурорлордон, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугунун мамлекеттик органынын, расмий статистика жаатындагы мамлекеттик органынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилеринен тышкары, алардын жетекчилерин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга макулдук берет, ошондой эле алар өз милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда жогоруда көрсөтүлгөн кызмат адамдарын кызмат орундарынан четтетүү тууралуу сунуштама киргизет;

3) жергиликтүү мамлекеттик администрациянын аппаратынын кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартип чараларын көрөт;

4) жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн иштеринин жыйынтыгы жана ошол тиешелүү аймактагы иштердин абалы жөнүндө жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышына отчет берет;

5) (КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5-1) баланы коргоо боюнча жекече планды жана үй-бүлө менен жекече иштөө планын бекитет;

6) райондун чегинде кандай болбосун айылдык кеңештин сессиясын жана жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышын чакыруу жөнүндө маселени коюуга, кеңеш берүү добуш укугу менен алардын ишине катышууга укуктуу;

7) жогору турган мамлекеттик органдар менен мамилелерде, эл аралык мамилелерде тиешелүү аймактын атынан чыгат;

8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттин менчигинде турган жер участокторун берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алат;

9) мамлекеттик социалдык (пенсиялык, камсыздандыруу) фонддорго төлөмдөрдү эсептөөгө жана толук жыйноого көмөк көрсөтөт;

10) салык кызматтарына салык төлөөчүлөрдү эсепке алууда жана салыктарды жыйноодо көмөк көрсөтөт;

11) мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын ээлеген кызматынан бошотот;

12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Премьер-министри тарабынан өзүнө жүктөгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

2. Тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин же администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчисинин талапкерлигине аким макул болбогон учурда, маселе Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан биротоло чечилет.

Тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин же администрациялык ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчисин кызматтан бошотуу тууралуу акимдин сунуштамасы менен министрликтин, мамлекеттик комитеттин же администрациялык ведомствонун жетекчиси макул болбогон учурда, маселе Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан биротоло чечилет.

3. Аким ведомстволук караштуулугундагы аймакта аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана Өкмөтүнүн, Премьер-министринин жана ыйгарым укуктуу өкүлүнүн чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат.

4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрү тарабынан мыйзамдарга, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Өкмөтүнүн актыларына ылайык келбеген чечимдер кабыл алынган учурларда, аким прокуратура органдарына, башкаруунун жогору турган тийиштүү мамлекеттик органдарына бир учурда кабарлоо менен, мындай чечимдердин аткарылышын токтото турууга укуктуу.

5. Аким өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескемелерди чыгарат.

6. Аким белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу өкүлгө мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө сунуштама менен кайрылат.

(КР 2012-жылдын 16-июлундагы № 114, 2012-жылдын 3-августундагы № 149, 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-12)
