# 10-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы

- Документ: [Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203101)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 14-июлундагы № 96 "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 96
- Кабыл алынган күнү: 14.07.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.10.2021
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 октября 2021 года № 123 "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2012 года № 149 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203749)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101#diff=1096804..1096805>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4146/edition/1096801/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203101/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө, 10-берене (20.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-10

---

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ишине райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким (мындан ары - аким) жеке башкаруу принцибинде жетекчилик кылат.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри ушул Мыйзамда белгиленген тартипте жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын сунушу боюнча акимди кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.

3. Аким райондун аймагында башкы мамлекеттик кызмат адамы болуп саналат.

4. Аким райондун социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында жеке жоопкерчиликти тартат.

(КР 2012-жылдын 3-августундагы № 149 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203101/st-11)
