# 3-берене. Шайлоо комиссияларынын ишинин принциптери жана негизги кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203100)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы № 62 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 ноября 2019 года № 121 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111968)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203100#diff=1278170..1278171>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203100/edition/1278165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203100/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө, 3-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-3

---

1. Шайлоо комиссиялары төмөнкү принциптер боюнча өз ишин жүзөгө ашырат:

1) мыйзамдуулук;

2) айкындуулук;

3) ачыктык;

4) көз карандысыздык;

5) коллегиялдуулук;

6) адилеттүүлүк;

7) калыстык.

2. Шайлоо комиссияларынын ишине мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, анын ичинде саясый партиялар, башка юридикалык жана жеке жактар тарабынан кийлигишүүгө жол берилбейт.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле алардын кызмат адамдары шайлоо комиссияларына алардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө: зарыл жабдууларды, транспорт каражаттарын, телефондоштурулган жайларды, анын ичинде технологиялык жабдууларды (көргөзмө доскалар, ящиктер, добуш берүү үчүн кабиналар ж.б.), шайлоо документтерин жогору турган шайлоо комиссиясына же архивге өткөрүп бергенге чейин сактоо үчүн жайларды берүүгө, ошондой эле аларды кайтарууну камсыз кылууга; зарыл маалыматтарды жана материалдарды берүүгө, шайлоо комиссияларынын шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан кайрылууларына кечиктирбестен, тийиштүү маселени кошумча иликтөө же текшерүү зарыл болгондо үч күндүк мөөнөттө, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - дароо жооп берүүгө милдеттүү.

4. Саясый партиялар жана башка коммерциялык эмес уюмдар, башка юридикалык жактар шайлоо, референдумду даярдоонун жүрүшүндө шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан зарыл маалыматтарды жана материалдарды шайлоо комиссияларына эки жумушчу күндүн ичинде, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү - дароо берүүгө милдеттүү.

5. Талаптарды аткарбай койгон же талаптагыдай эмес аткарган, белгиленген мөөнөт бузулган учурда, ушул беренеде белгиленген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, саясый партиялардын, башка коммерциялык эмес уюмдардын кызмат адамдары жана башка юридикалык жактар мыйзамга ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 121 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-2)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-19)
