# 25-берене. Шайлоо комиссияларынын ишин финансылык жактан камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203100)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы № 62 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 138 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049163)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203100#diff=1278172..56486>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203100/edition/1278165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203100/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө, 25-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-25

---

1. Борбордук шайлоо комиссиясын финансылоо кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетте өзүнчө сап менен каралат.

2. Кезектеги шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө каражат бөлүүлөр финансылык жылга республикалык бюджетте өзүнчө сап менен каралат.

3. Шайлоо комиссияларынын шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Шайлоо, референдумду өткөрүүгө каражаттар Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине шайлоо, референдум дайындалган күндөн он календардык күндөн кечиктирбестен которулат жана төмөн турган комиссияларынын ортосунда бөлүштүрүлөт.

4. Шайлоо, референдумду чет өлкөлүк мамлекеттер, чет өлкөлүк мамлекеттик органдар, мекемелер жана ишканалар, башка чет өлкөлүк юридикалык жактар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү, чет өлкөлүк жарандар, Кыргыз Республикасында катталган эл аралык уюмдар, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү программаларын, шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча илимий-изилдөө, маалыматтык, билим берүү программаларын, ошондой эле шайлоо, референдумду техникалык даярдоону финансылоону кошпогондо, катышуучусу чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жарандар болуп саналган юридикалык жактар тарабынан шайлоо, референдумду финансылоого тыюу салынат.

5. Шайлоо системасын өнүктүрүүгө, анын ичинде жаңы шайлоо технологияларын, автоматташтыруу каражаттарын киргизүүгө, шайлоочуларды, референдумдун катышуучуларын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, резервди укуктук жактан окутууга байланыштуу мамлекеттик программалардын иш-чараларын финансылык жактан камсыз кылуу республикалык бюджеттен, Борбордук шайлоо комиссиясынын атайын фондунан жана башка мыйзам менен тыюу салынбаган финансылоо булактарынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен жүргүзүлөт.

6. Шайлоо комиссиясынын төмөнкүдөй чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен финансыланат:

1) шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн, Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө жана сыйакы берүү, ошондой эле эмгек келишими боюнча шайлоо комиссияларында иштөөгө тартылган жарандарга төлөмдөр;

2) басма продукциясын даярдоого жана басма ишин жүзөгө ашырууга;

3) шайлоо, референдумду жана шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын камсыз кылуу үчүн зарыл жабдууларды (анын ичинде технологиялык), башка материалдык баалуулуктарды сатып алууга, жеткирүүгө жана орнотууга;

4) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланыштуу шайлоо комиссиялары менен байланышты (телефондук, почталык, электрондук), транспорттук чыгымдарды камсыз кылууга;

5) шайлоо документтерин жеткирүүгө, сактоого, аларды архивге өткөрүп берүүгө даярдоого же жок кылууга;

6) алардын чектерин, даректерин көрсөтүү менен шайлоо участкаларынын, шайлоо округдарынын тизмесин, кругдук, округдук, аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын курамын жарыялоого;

7) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмелерин жана аларды шайлоочулардын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү системасына киргизүү жөнүндө кабарламаларды жарыялоого;

8) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларын эсебин жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын түзүүгө, өнүктүрүүгө жана жүргүзүүгө;

9) шайлоо, референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чараларды камсыз кылуу максатында шайлоо комиссияларынын иш сапарлары жана жол-киреси боюнча чыгымдардын ордун толтурууга;

10) талапкерлерге, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясый партияларга акысыз эфирдик убакыт, акысыз басылма аянтын берүүгө;

11) шайлоо комиссияларынын маалыматтарын жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого;

12) Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын кызматкерлерин, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана резервди үзгүлтүксүз жана дайыма окутууну өткөрүүгө;

13) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күнгө, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өлчөмдө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө суткалык төлөөлөргө;

14) шайлоо (референдум) өткөрүлгөн күнгө, ошондой эле шайлоо (референдум) күнүнө шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, тартылган жарандарга бир адамдык суткалык өлчөмдө тамак уюштурууга;

15) шайлоо, референдумду өткөрүүгө, ошондой эле шайлоо комиссияларынын ыйгарым укуктарын жана ишин камсыз кылууга байланышкан башка чыгымдар.

7. Шайлоо комиссиялары акча каражаттарын чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык бөлүнгөн каражаттардын чегинде шайлоо, референдумду өткөрүүгө чыгымдайт. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссияларынын чыгымдарын борбордоштурулган тартипте төлөй алат.

8. Участкалык шайлоо комиссиясы республикалык бюджеттин каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчетту добуш берүү күнүнөн кийин жети календардык күндөн кечиктирбестен аймактык шайлоо комиссиясына берет.

9. Аймактык шайлоо комиссиясы республикалык бюджеттин каражаттарынын келип түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө отчетту добуш берүү датасынын күнүнөн кийинки жыйырма календардык күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына берет.

10. Борбордук шайлоо комиссиясынын, төмөн турган шайлоо комиссияларынын шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө республикалык бюджеттин каражаттарын чыгымдоо жөнүндө финансылык отчету жарыялоонун расмий булактарында, Борбордук шайлоо комиссиясынын жана расмий сайтында шайлоо, референдумдун натыйжалары жарыяланган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен жарыяланат.

11. Шайлоо комиссияларынын төрагалары акча каражаттарын тескейт жана финансылык документтердин шайлоо комиссияларынын финансылык маселелер боюнча чечимдери менен шайкеш келгендиги жана финансылык отчетторду ушул Мыйзамда бекитилген мөөнөттөрдө жана тартипте берүү үчүн жоопкерчилик тартат.

(Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 28-июлундагы № 138 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-26)
