# 24-берене. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203100)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы № 62 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203100/edition/1278165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203100/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө, 24-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-24

---

1. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы жогору турган шайлоо комиссиясы тарабынан төмөнкүдөй учурларда таркатылат:

1) тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын же шайлоо, референдумдун натыйжаларын жогору турган шайлоо комиссиясы же сот тарабынан жараксыз деп табууга алып келген жарандардын шайлоо укуктары шайлоо комиссиясы тарабынан бузулганда;

2) мыйзамдын талаптарына ылайык кабыл алынган соттун же жогору турган шайлоо комиссиясынын чечимдерин шайлоо комиссиясы аткарбаганда;

3) ушул Мыйзамдын 19-беренесинин талаптары бузулганда.

2. Тийиштүү жогору турган шайлоо комиссиясына округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө шайлоо комиссиясынын мүчөсү, шайлоо комиссиясы, ошондой эле талапкер, саясый партия арыз менен кайрылууга укуктуу. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндөгү арыз добуш берүү күнүнө же кайталап добуш берүүнү өткөрүүдө - бул шайлоо участкадагы добуш берүүнүн жыйынтыгы белгиленген кийинки мезгилге чейин он календардык күндөн кечиктирбестен, бирок кайталап добуш берүү датасынын күнүнө чейин жети календардык күндөн кечиктирбестен берилиши мүмкүн.

3. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндөгү арыз кароого токтоосуз кабыл алынат жана ал боюнча чечим арыз берилген күндөн тартып эки календардык күндөн кечиктирбестен чыгарылат.

4. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурда, жогору турган шайлоо комиссиясы ушул Мыйзамдын жобосуна ылайык, жаңы курамдагы округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын түзөт.

5. Аны таркатуу жөнүндөгү чечим кабыл алынгандан кийин жаңы курамдагы округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясы үч календардык күндөн кечиктирбестен түзүлүшү керек.

6. Округдук, аймактык, участкалык шайлоо комиссиясын таркатуу талапкердин же саясый партиянын өкүлүнүн ыйгарым укуктарынын токтолушуна алып келбейт.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-25)
