# 20-берене. Аймактык шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203100)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы № 62 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 138 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049163)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2026 [Закон КР от 28 июля 2026 года № 138 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230049163); 20.02.2017 [Закон КР от 20 февраля 2017 года № 26 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Кодекс Кыргызской Республики об административной ответственности, Закон Кыргызской Республики "Об избирательных комиссиях по проведению выборов и референдумов Кыргызской Республики")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111534); 17.02.2015 [Закон КР от 17 февраля 2015 года № 34 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205455)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203100#diff=1278172..56486>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203100/edition/1278165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203100/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө, 20-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-20

---

1. Аймактык шайлоо комиссиясы:

1) ушул Мыйзамдын жана шайлоо мыйзамдарынын жоболорунун аткарылышы үчүн контролдукту жүзөгө ашырат, ошондой эле тийиштүү аймакта алардын бир түрдүү колдонулушун камсыз кылат;

2) тийиштүү аймакта шайлоо, референдумду даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат;

3) шайлоо участкаларынын жана округдарынын схемаларын жана чек араларын Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кароо жана даярдоо үчүн сунуш киргизет;

4) участкалык шайлоо комиссияларынын курамын түзөт жана бекитет жана алардын жайгашкан ордун жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялайт;

5) калкка участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номурлары тууралуу маалымдайт;

6) тийиштүү аймакта шайлоо, референдумду даярдоо жана өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштурат жана шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын билдирүүлөрүн угат;

7) участкалык шайлоо комиссияларына укуктук, уюштуруу-усулдук жана материалдык-техникалык жардам көрсөтөт;

8) участкалык шайлоо комиссияларынын имарат, транспорт, байланыш менен камсыз болушун контролдойт, шайлоо, референдумду материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун башка маселелерин карайт;

9) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзөт, жазат, жаңылайт жана тактайт;

10) шайлоочулардын, референдумдун катышуучуларынын тизмесин жалпы таанышууга жана көрүүгө сунуш кылынышына контролдукту жүзөгө ашырат;

11) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бөлүнгөн мамлекеттик акча каражаттарын тескейт, аларды участкалык шайлоо комиссияларынын ортосунда бөлүштүрөт жана ал каражаттардын максаттуу пайдаланылышына контролдукту камсыз кылат;

12) бардык талапкерлер жана саясый партиялар үчүн шайлоо алдындагы иште бирдей укуктук шарттардын сакталышын камсыз кылат;

13) жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди, талапкерлердин тизмелерин, алардын өкүлдөрүн каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет;

14 участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо жана башка документтерди жеткирүүнү уюштурат;

15) шайлоо мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте, айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыгын анык эмес деп тааныйт;

16) мыйзамда аныкталган учурларда жана тартипте тийиштүү аймакта добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилейт жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун натыйжаларын аныктайт;

17) Президентти, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо, референдумда добуш берүүнүн жыйынтыгын белгилейт;

18) Борбордук шайлоо комиссиясына тийиштүү шайлоолордо добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдорду өткөрүп берет;

19) жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка шайланган талапкерлерди каттайт жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү берет;

191) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда, жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот;

20) участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, алар боюнча чечимдерди кабыл алат;

21) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди архивге же Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кылат;

22) шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө бюджеттик каражаттардын түшүшү жана чыгымдалышы жөнүндө финансылык отчет берет;

23) зарыл болгондо шайлоо, референдумду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иштерди аткарууга эмгек келишимдери боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди тартат;

24) участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн жана резервди окутат;

25) ушул Мыйзамга жана шайлоо мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды да жүзөгө ашырат.

2. Аймактык шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.

(КР 2015-жылдын 17-февралындагы № 34, 2017-жылдын 20-февралындагы № 26, 2026-жылдын 28-июлундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [191-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-191)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-21)
