# 191-берене. Округдук шайлоо комиссиялары жана аларды түзүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203100)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 30-июнундагы № 62 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 62
- Кабыл алынган күнү: 30.06.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-191>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/203100/edition/1278165/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203100/st-191.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө, 191-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-191

---

1. Округдук шайлоо комиссиялары Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилине тийиштүү шайлоо округдарында иштөөчү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жана резервинин ичинен түзүлөт жана өз ыйгарым укуктарын Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун натыйжалары расмий жарыялангандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен токтотот.

2. Округдук шайлоо комиссиясы ар бир шайлоо округу боюнча 11 мүчөдөн кем эмес курамда:

– эгерде бир шаардын же райондун аймагында бир шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн жана ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен түзүлөт;

– эгерде бир шаардын же райондун аймагында эки же андан көп шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссиясынын курамынын мүчөлөрүнүн жана ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервинде турган адамдардын ичинен түзүлөт;

– эгерде эки же андан көп шаардын же райондун аймагында бир шайлоо округу түзүлсө, анда округдук шайлоо комиссиясы аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарынын мүчөлөрүнүн ичинен түзүлөт.

3. Округдук шайлоо комиссиясынын курамына кирген аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн ыйгарым укуктары округдук шайлоо комиссиясынын иши аяктаганга чейин убактылуу токтотулат. Ал бул мезгилде аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерине добуш берүүгө жана аларды кабыл алууга катышпайт.

4. Округдук шайлоо комиссиясы:

1) шайлоо мыйзамдарынын аткарылышын контролдойт, ошондой эле округдун аймагында алардын бирдей колдонулушун камсыз кылат;

2) тийиштүү аймакта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурууда Борбордук шайлоо комиссиясына көмөктөшөт;

3) калкка участкалык шайлоо комиссияларынын даректери жана телефон номурлары тууралуу маалымдайт;

4) тийиштүү аймакта Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын ишин уюштурат жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан маселелер боюнча участкалык шайлоо комиссияларынын билдирүүлөрүн угат;

5) участкалык шайлоо комиссияларына укуктук, уюштуруу-усулдук жана материалдык-техникалык жардам көрсөтөт;

6) участкалык шайлоо комиссияларынын жайлар, транспорт, байланыш менен камсыз кылынышын контролдойт, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону материалдык-техникалык камсыз кылуунун башка маселелерин карайт;

7) шайлоочулардын тизмелерин түзөт, жүргүзөт, жаңылайт жана тактайт;

8) жалпыга таанышуу жана көрүү үчүн шайлоочулардын тизмелеринин берилишин контролдойт;

9) бардык талапкерлер жана саясий партиялар үчүн бирдей укуктук шарттардын сакталуусун камсыз кылат, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоочулар менен жолугушууларын уюштуруу боюнча чараларды көрөт, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды жана аянттарды карайт;

10) участкалык шайлоо комиссияларына шайлоо жана башка документтерди жеткирүүнү уюштурат;

11) тийиштүү шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилейт;

12) шайлоо мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте айрым шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жыйынтыктарын анык эмес деп таанууга укуктуу;

13) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорду Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берет;

14) округдук шайлоо комиссиясына түздөн-түз келип түшкөн, ошондой эле округдук шайлоо комиссиясынын Ыкчам чара көрүүчү координациялык тобуна келип түшкөн округдук участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууларды жана арыздарды карайт, аларды милдеттүү түрдө реестрге киргизүү менен алар боюнча чечимдерди кабыл алат;

15) Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди архивге же Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүп берүүнү камсыз кылат;

16) зарылчылыкка жараша Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан иштерди аткарууга эмгек келишимдери боюнча штаттан тышкаркы кызматкерлерди тартат;

17) участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн жана резервди окутат;

18) шайлоо мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

5. Округдук шайлоо комиссиясы өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жоопкерчиликке тартылат.

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-19)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203100/st-20)
