# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 127 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 127 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 127
- Кабыл алынган күнү: 24.07.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.07.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20298>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1312/edition/487490/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20298.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 24-июлундагы № 127 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (24.07.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20298

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2013-жылдын 24-июлу № 127 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2013-жылдын 28-июнундагы № 110 токтому менен Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин шайлоо 2013-жылдын 17-июнуна дайындалып, кворумдун жоктугунан шайлоо өткөн эмес. Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы өзүнүн жазган арызынын негизинде Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 16-июль 2013-жылдагы № 36-б буйругу менен айыл өкмөт башчысы кызматынан бошотулган. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын 2013-жылдын 17-июлундагы № 3 чечимине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесиндеги 3, 4-бөлүктөрүнө, 49-беренесиндеги 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоо 2013-жылдын 12-августуна дайындалсын:

- Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Көк-Жаңгак шаарынын мэрин кайра шайлоо;

- Нарын облусунун Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо.

2. Сузак, Кочкор аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Б.Д.Максутбаевке жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы

Т. Абдраимов
