# КР УӨ 2010-жылдын 17-сентябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Декрети

- Толук аталышы: КР УӨ 2010-жылдын 17-сентябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 128
- Кабыл алынган күнү: 17.09.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202945>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-135/edition/457174/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202945.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР УӨ 2010-жылдын 17-сентябрындагы № 128 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Декрети (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202945

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮ ДЕКРЕТ 2010-жылдын 17-сентябры УӨ № 128

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85, 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматы уюшулганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелдеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

167-берененин 35-пункту "Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын," деген сөздөрдөн кийин "Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын" деген сөздөр менен толукталсын.

2. (КР 2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

бүткүл текст боюнча "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча агентствосу" деген сөздөр "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1993-ж., № 8, 179-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

бүткүл текст боюнча ар кыл жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Баңги заттарды контролдоо боюнча агентствосу" деген сөздөр тийешелүү жөндөмөлөрдөгү "баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

5. (КР 2025-жылдын 28-апрелиндеги № 85 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Ушул Декрет расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы

Р. Отунбаева
