# КР 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 57 ""Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Декрети

- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 57 ""Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Декрети
- Актынын түрү: Декрет
- Номери: 57
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2010
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.04.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202941>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-134/edition/457109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202941.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.04.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2010-жылдын 2-апрелиндеги № 57 ""Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Декрети (02.04.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202941

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 2-апрели № 57

"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу 1-берене.

"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 7, 100-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 6-статьяда:

1-бөлүгүндөгү "үч" деген сөз "төрт" деген сөзгө алмаштырылсын; "айлык" деген сөз алып салынсын; 2-бөлүгүндөгү "айлык" деген сөз алып салынсын.

2. 7-статьядагы "райондук коэффициент жана айлык акыга карата проценттик кошумча акы төлөө" деген сөздөр "эмгек акыга райондук коэффициент жана кызматтык маянага пайыздык үстөк акы төлөө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 8-статья күчүн жоготту деп табылсын.

4. 11-статьяда:

статьянын аталышындагы "Айлык акыга" деген сөздөр "Кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын; 1-бөлүгүндөгү "айлык акыга" деген сөздөр "кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүндөгү "30" деген цифра жана "айлык акыга" деген сөздөр тиешелүү түрдө "28" деген цифрага жана "кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 12-статьяда: статьянын аталышындагы "Айлык акыга" деген сөздөр "Кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"Айлык акыга" деген сөздөр "Кызматтык маянага" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 13-статьядагы "24 жумушчу" деген сөздөр "28 календардык" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 14-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"14-статья.

Кошумча өргүүгө чыгуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүдөн башка, ар жылы кошумча акы төлөнүүчү өргүү берилет, анын узактыгы Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык белгиленет. Өргүүнүн жалпы узактыгы негизги жана кошумча өргүүлөрдүн суммасын кошуу жолу менен аныкталат.".

2-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
