# КР 2010-жылдын 15-мартындагы № 49 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 15-мартындагы № 49 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202934>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4141/edition/764884/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202934.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2010-жылдын 15-мартындагы № 49 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (16.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202934

---

КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 15-марты № 49 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202934/st-1)

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1997-ж., № 10, 470-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 12-статьянын 2-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Уставдык капитал Кыргыз банкынын пайдасынан чегерүүлөр жолу менен каражаттарды бөлүштүргөнгө чейин, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жолу менен түзүлөт.".

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202934/st-2)

Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 28-мартындагы № 95 Мыйзамынын 2-статьясы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 3, 226-ст.);

- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 17-июнундагы № 186 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 6, 560-ст.).

### [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202934/st-3)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
