1-берене
Күчүндө · 11.03.2010 редакциясы
"Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., № 1, 17-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 2-статьянын бешинчи абзацындагы "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 10-статьянын 6-бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 11-статьянын 7-бөлүгүндөгү "1-пунктунун 1-5 жана 7-9 пунктчаларында" жана "1-пунктунун 6-пунктчасында" деген сөздөр тиешелүү түрдө "1-бөлүгүнүн 1-5 жана 7-9 пункттарында" жана "1-бөлүгүнүн 6-пунктунда" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 17-статьянын 1-бөлүгүндөгү "жана баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен" деген сөздөр алып салынсын.
5. 18-статьянын 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "Баалуу кагаздардын рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" жана 4-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 21-статьянын 1-бөлүгүнүн он үчүнчү абзацындагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 23-статьянын 4-бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 25-статьянын 1-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 26-статьянын 9- жана 10-бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
10. 27-статьясынын 3-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. 28-статьянын 5-бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик актылары менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
12. 29-статьясынын 1-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
13. 30-статьянын 4-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ченемдик укуктук актылары менен" деген сөздөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. 31-статьянын 1-бөлүгүнүн бешинчи жана алтынчы абзацтарындагы жана 2-бөлүгүндөгү "баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
15. 32-статьяда:
4-бөлүгүндө:
- экинчи абзацындагы "мыйзамдарын, Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын " деген сөздөр алып салынсын;
- бешинчи абзацындагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-бөлүгүндөгү "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
16. 33-статьядагы "Баалуу кагаздар рыногу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
17. 34-статьяда:
1-бөлүгү "мамлекеттик контролду" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
18. 35-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Инвестициялык фонддун финансылык абалын жакшыртуу менен байланышкан чараларды колдонуу тартиби, ошондой эле андай чаралардын тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.".
Берененин тексти 11.03.2010 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Инвестициялык фонддор жөнүндөЗакон · 26.07.1999 · № 92
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202933/st-1" title="1-берене - "Инвестициялык фонддор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>