1-берене
Күчүн жоготкон · 15.07.2011 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 июля 2011 года № 101.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 474-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 32-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирет.".
2. 45-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 64-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы чыгаруучу актылар мыйзамдарга карама-каршы келген учурда облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы бул жөнүндө бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана прокуратура органдарына кабарлоо менен алар тарабынан зарыл чаралар кабыл алынганга чейин алардын колдонулушун токтото турууга укуктуу.".
4. 66-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"66-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын актылары Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы өз компетенциясынын чегинде тескемелерди чыгарат.".
5. 69-берененин аталышындагы "ченемдик укуктук" деген сөздөр алынып салынсын.
Берененин тексти 15.07.2011 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөЗакон · 29.05.2008 · № 99 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202932/st-1" title="1-берене - Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>