# Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 4-мартындагы № 46 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 4-мартындагы № 46 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 46
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.07.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202932>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-127/edition/457081/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202932.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.07.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 4-мартындагы № 46 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (15.07.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202932

---

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 4-марты № 46 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202932/st-1)

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 5, 474-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 32-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы тарабынан белгиленген тартипте күчүнө кирет.".

2. 45-берененин 6-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын.

3. 64-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Райондун мамлекеттик администрациясынын башчысы чыгаруучу актылар мыйзамдарга карама-каршы келген учурда облустун мамлекеттик администрациясынын башчысы бул жөнүндө бир эле учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана прокуратура органдарына кабарлоо менен алар тарабынан зарыл чаралар кабыл алынганга чейин алардын колдонулушун токтото турууга укуктуу.".

4. 66-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"66-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын актылары Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы өз компетенциясынын чегинде тескемелерди чыгарат.".

5. 69-берененин аталышындагы "ченемдик укуктук" деген сөздөр алынып салынсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202932/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
