1-берене
Күчүн жоготкон · 03.07.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 июля 2023 года № 131.
"Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 3, 93-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-статьяда:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат."; 2-пунктта:
- "Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик зарыл жол-жоболору жасалган эл аралык макулдашууда же келишимде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууда же келишимде" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- расмий тилдеги текстте "международного" деген сөз "международных" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. 6-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.
3. 41-статьянын 1-пунктундагы "ыйгарым укуктуу орган белгилеген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 03.07.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндөЗакон · 31.10.1998 · № 140 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202930/st-1" title="1-берене - Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>