# Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 4-мартындагы № 43 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 4-мартындагы № 43 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 43
- Кабыл алынган күнү: 04.03.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202930>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/15-125/edition/1262792/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202930.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 4-мартындагы № 43 "Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы (03.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202930

---

КР 2023-жылдын 3-июлундагы № 131 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2010-жылдын 4-марты № 43

"Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202930/st-1)

"Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 3, 93-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 4-статьяда:

1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Субсидиялар жана компенсациялык чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат."; 2-пунктта:

- "Кыргыз Республикасынын ички мамлекеттик зарыл жол-жоболору жасалган эл аралык макулдашууда же келишимде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууда же келишимде" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- расмий тилдеги текстте "международного" деген сөз "международных" деген сөзгө алмаштырылсын.

2. 6-статьянын 2-пункту күчүн жоготту деп табылсын.

3. 41-статьянын 1-пунктундагы "ыйгарым укуктуу орган белгилеген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202930/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

К.Бакиев
