1-берене
Күчүн жоготкон · 06.03.2024 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69.
"Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1998-ж., № 9, 316-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 7-статьядагы "Мамкомиссия тарабынан белгиленген түргө ылайык анын алдында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиешелүү органдарынын алдында отчет берет" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген формада тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын алдында отчет берет" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 8-статьянын 3-бөлүгүндөгү "баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 14-статьядагы "Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 20-статьянын 1-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик бажы кызматынын органына" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын бажы иштери тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 21-статьянын 2-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 36-статьянын 3-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо органынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органынын, Башкы прокуратурасынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик юстиция органынын ченемдик актысы менен " деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 37-статьянын 2-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо органынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органынын, Башкы прокуратурасынын, Юстиция министрлигинин жана Жогорку Сотунун ченемдик актысы менен" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.
8. 40-статьянын 3-бөлүгүндөгү "ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо органынын, Башкы прокуратурасынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик юстиция органынын жана Жогорку сотунун ченемдик актысы менен аныкталган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндөЗакон · 22.05.1998 · № 66 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202927/st-1" title="1-берене - "Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>