# 1-берене

- Документ: ["Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/202922)
- Толук аталышы: КР 2010-жылдын 24-февралындагы № 33 ""Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2010
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 26.06.2025
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 26 июня 2025 года № 127 "Об оперативно-розыскной деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029331)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/202922/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4135/edition/356020/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/202922/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.06.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу, 1-берене (26.06.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/202922/st-1

---

"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"5-статья. Изин суутпай издөө ишинин укуктук негизи

Изин суутпай издөө ишинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары эсептелет.".

2. 7-статьянын 4-бөлүгүндөгү "ведомстволор аралык ченемдик актылар же изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын ортосундагы макулдашуулар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

3. 9-статьяда:

2-бөлүктөгү "ведомстволук ченемдик актылар" деген сөздөр "изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-бөлүктөгү "баңгизаттарды контролдоо боюнча органынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. 11-статьянын 2-бөлүгүндөгү "изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын ченемдик актыларында каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. 12-статьянын 2-бөлүгүндөгү "ведомстволук ченемдик актылар" деген сөздөр "изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын.

6. 14-статьянын 3-бөлүгүндөгү "ведомстволук ченемдик актыларда каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын.

7. 16-статьяда:

1-бөлүктө:

- 7-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" жана "жана өздүк коопсуздук кызматынын" деген сөздөр алып салынсын;

- 9-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды контролдоо боюнча органы жана" деген сөздөр алып салынсын; 5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын; 6-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын; 9-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин", "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/202922/st-2)
