1-берене
Күчүн жоготкон · 26.06.2025 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 26 июня 2025 года № 127.
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья. Изин суутпай издөө ишинин укуктук негизи
Изин суутпай издөө ишинин укуктук негизи болуп Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары эсептелет.".
2. 7-статьянын 4-бөлүгүндөгү "ведомстволор аралык ченемдик актылар же изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын ортосундагы макулдашуулар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 9-статьяда:
2-бөлүктөгү "ведомстволук ченемдик актылар" деген сөздөр "изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын; 6-бөлүктөгү "баңгизаттарды контролдоо боюнча органынын жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын" деген сөздөр "жазык-аткаруу тутумунун органдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 11-статьянын 2-бөлүгүндөгү "изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдардын ченемдик актыларында каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 12-статьянын 2-бөлүгүндөгү "ведомстволук ченемдик актылар" деген сөздөр "изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын актылары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
6. 14-статьянын 3-бөлүгүндөгү "ведомстволук ченемдик актыларда каралган" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 16-статьяда:
1-бөлүктө:
- 7-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" жана "жана өздүк коопсуздук кызматынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 9-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
2-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын баңгизаттарды контролдоо боюнча органы жана" деген сөздөр алып салынсын; 5-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын; 6-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын; 9-бөлүктөгү "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин", "Юстиция министрлигинин" деген сөздөр алып салынсын.
Берененин тексти 26.06.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Изин суутпай издөө иши жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 131 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/202922/st-1" title="1-берене - "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>